Тоң районунун Боконбай, Тоң, Кара-Ой жана Эшперов айылдарына жалпы 6 көмөк чордон орнотулду.
Тоң райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 41,8 чакырым электр зымдарын жана 28 даана трансформаторлорун ремонттон өткөрүп, эскилиги жеткен 122 жыгач мамыларды жаңы темир бетон мамыларга алмаштырды.