Колл - борбор: 105

Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери 98 пайызга аяктады

12 Ноябрь 2026 ж.

Ысык-Көл облусунда электр энергиясын эсепке алуунун заманбап системасын киргизүү иштери дээрлик толугу менен аяктады. Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан облустагы 124 429 турмуш-тиричилик абонентинин 121 460на акылдуу эсептегичтер орнотулду. Бул жалпы абоненттердин 98 пайызын түзөт.
 
Электр энергиясын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасын киргизүү боюнча негизги иштер аяктады. Учурда акылдуу эсептегичтер убактылуу жашоочулары жок болгон үйлөргө, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тон райондорундагы алыскы мал чарба кашарларына орнотулууда.
 
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу абоненттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзүүнү кыйла жеңилдетет. Эсептегичтерден алынган маалыматтар онлайн режиминде автоматтык түрдө берилип тургандыктан, тургундар үйүнөн чыкпай эле «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу электр энергиясы боюнча эсептелген сумманы көрүп, төлөм жүргүзө алышат. Бул убакытты үнөмдөөгө, кызматтардан аралыктан пайдаланууга жана төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө шарт түзөт.
 
Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтер электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатууга, кол менен аткарылуучу иштерди кыскартууга жана абоненттерге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
 
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу — электр тармактарын модернизациялоодогу маанилүү кадамдардын бири. Ал абоненттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана электр энергиясын эсепке алуу системасын заманбап деңгээлге чыгарууга багытталган.