Колл - борбор: 105

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилди

7 Октябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын атайын комиссия түзүлүп, Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер энергетикалык объектилерди кыдырып, электр жабдууларынын техникалык абалына жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча аткарылган иштерге баа беришти.
 
Күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында Ысык-Көл облусунда электр тармактарын жана жабдууларын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча бир катар иштер аткарылды.
 
Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын көмөк чордон кызматы облус боюнча 35 кВдан 220 кВга чейинки чыңалуудагы 61 көмөк чордонду тейлейт. 2026-жылдын башынан бери 56 көмөк чордондо 4704 электр жабдуусу пландуу техникалык тейлөөдөн өтүп, 44 көмөк чордондо 403 электр жабдуусуна капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
 
35–110–220 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларында да кеңири көлөмдө иштер аткарылды. 2026-жылдын 9 айында 1173 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, 99,1 чакырым электр зымы капиталдык оңдоодон өттү.
 
Электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. Техникалык тейлөөнүн алкагында эскилиги жеткен 1847 фарфор изолятор заманбап айнек изоляторлорго алмаштырылды. Бул иштер аба чубалгыларынын ишенимдүү иштешин камсыздап, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга багытталган. Заманбап айнек изоляторлор бышыктыгы жана аба ырайынын таасирине туруктуулугу менен айырмаланат.
 
6–10/0,4 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарында да даярдык иштери жүргүзүлдү. 225 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтүп, 1126 көмөк чордондо техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Ошондой эле 206,2 чакырым электр зымы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 1107 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өттү.
 
Аткарылган бардык иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык учурларды азайтууга жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого багытталган.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын энергетикалык объектилеринин абалын жана күз-кыш мезгилине даярдык иштерине жакшы баа берди. Ошол эле учурда текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кемчиликтер боюнча эскертүүлөр берилди. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы берилген эскертүүлөрдү эске алып, күз-кыш мезгилине даярдык иштери аяктаганга чейин аныкталган кемчиликтерди толук жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт.
 
Ысык-Көл электр тармактары ишканасы облус боюнча 134 991 абонентти ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылат. Бул сандын артында үй-бүлөлөр, кеңселер, ишканалар жана социалдык объектилер турат. Алардын ар бирин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу — биздин күнүмдүк ишибиз.