Ысык-Көл электр тармактар ишканасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин тапшырмасына ылайык “КУЭТ” ААКттын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаевдин катышуусунда жумушчу жыйын өттү.
Жыйынга «КУЭТ» ААКтын пландоо бөлүмүнүн башчысы жана бөлүштүрүү электр тармактары кызматынын башчысы да катышты.
Жыйында Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын учурдагы ишмердүүлүгү, алдыдагы 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык жана 2027-жылга карата ишкананын бизнес-планы боюнча негизги маселелер каралды.
Күз-кыш мезгилине даярдык боюнча электр тармактарынын жана жабдуулардын техникалык абалы, жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана алдын алуу иштери, авариялык бригадалардын, атайын техниканын жана керектүү материалдардын даярдыгы талкууланды.
Ошондой эле кыш мезгилин туруктуу өткөрүү үчүн аткарылууга тийиш болгон иштерге өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын жүрүшүндө 2027-жылга карата бизнес-пландын негизги багыттары да каралып, ишкананын алдыдагы ишмердүүлүгүн пландаштыруу, тармактарды өнүктүрүү жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында алдыдагы мезгилге карата бир катар милдеттер белгиленип, күз-кыш мезгилине даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо, ошондой эле 2027-жылга карата пландарды тактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Негизги максат — Ысык-Көл облусунун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу.