Колл - борбор: 105

Электрдик жаракат

Коопсуздук ар бир адамдын милдети! 

Ата-энелерди жана мугалимдерди балдарга электр коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүп, коркунучтардан сактануунун жолдорун үйрөтүүгө чакырабыз. Төмөндөгү эрежелерге олуттуу мамиле жасап, алардын маанилүүлүгүн балдарга жеткирүү — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.

Балдар эмнени эстен чыгарбашы керек?

Электр орнотуулар(көмөкчордондор, электрмамычалар, электр зымдар) оюн аянтчасы эмес.

Трансформатордук көмөкчордондорго кирүүгө, электр приборлорунун эшигин ачууга болбойт.

Мамычаларга чыгуу жана электр чубалгыларынын астында ойноого тыйуу салынат.

Электр зымдарга бир нерсе ыргытуу, электр зымдарынын жанында балык улоого болбойт.

Асылып же жерде жаткан үзүлгөн электр зымына 8-10 метрден жакын аралыкта жакындаганга уруксаат берилбейт.

Чоңдордун уруксатысыз электр приборлорун колдонууга уруксаат болбойт.

Бузулган электр приборлорун колдонууга тыйуу салынат.

Электр приборлорунун зымдарын нымдуу колдор менен кармоого болбойт.

Ар бир баланын өз коопсуздугу үчүн жоопкерчилигин баса белгилеңиздер.