Колл - центр: 105, 1209

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы кардарларды электр жарыгын үнөмдүү колдонууга чакырат!

15 августа 2023 г.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы кардарларды электр жарыгын үнөмдүү колдонууга чакырат!

Энергетикалык ресурстар барган сайын баалуу болуп бараткан азыркы дүйнөдө электр энергиясына аяр мамиле өзгөчө мааниге ээ болууда.

Бөлмөдөн чыкканда жарыктарды жана шаймандарды өчүрүү, энергияны үнөмдөөчү лампаларды жана приборлорду колдонуу - бул электр энергиясын натыйжалуу пайдалануунун маанилүү кадамдары.

Электр энергиясына үнөмдүү мамиле кылуу чыгымдарды азайтып гана тим болбостон, жаратылыш ресурстарын сактоого мүмкүндүк берет.

Учурда Ысык-Көл облусундагы райондук электр тармактар ишканалары кардарлар менен электрэнергияны үнөмдөө боюнча иш алып барууда.

Ошону менен бирге, үнөмдөө боюнча роликтер калкты тейлөө борборлорунда, банктардын күтүү залдарында, райондордун, шаарлардын борбордук аянттарындагы лед экрандарда жана патриот жарандарыбыздын тойлорунда коюлууда. > Гульмира Тониева: 🖼 Photo