Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көлдө авариялык кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча машыгуулар жүрүп жатат

10 Июль 2025 ж.

«КУЭТ» Ысык-Көл электр тармактарында мобилдик бригадалардын катышуусунда өзгөчө кырдаалдарга жана аварияларга ыкчам чара көрүү боюнча машыгуулар өтүүдө. Бул иштер Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында жүргүзүлүүдө жана аймакты жайкы сезондо ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Учурда Орто-Орукту айылында 67 эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылды. Тамчы айылында 400 кВА көмөк чордону 630 кВАга жаңыртылып, 1,1 чакырым кабелдик линия тартылды.

Алдыда Чоң-Орукту айылында дагы 140 эски мамыны алмаштыруу пландалууда. Машыгууларга беш облустан – Бишкек, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көлдөн келген мобилдик бригадалар тартылган. Алар заманбап техника, коргонуу каражаттары жана керектүү материалдар менен камсыздалган.

15-июнда башталган бул машыгуулар 30-августка чейин уланат. Ар бир бригада график боюнча кезек менен келип, капиталдык курулуш жана оңдоо иштерине катышууда. Бул күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүгө жана кызматкерлердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт.