Бүгүнкү күндө энергияны үнөмдөө маселеси ар бир үй-бүлө жана уюм үчүн абдан маанилүү болуп калды. Эски лампочкаларды заманбап LED лампаларга алмаштыруу — бул жөн гана жаңы технология эмес, бул жарык, ал өзүн да, каржыңызды да, айлана-чөйрөнү да аярлайт.
Эмне үчүн LED?
Электрди 80% га чейин үнөмдөйт – ошол эле деңгээлдеги жарыкка азыраак чыгым.
Узак мөөнөттүү – кызмат өтөө мөөнөтү 25–50 миң саатка чейин жетет, бул кадимки лампочкалардан ондогон эсе узун.
Адамга жана жаратылышка коопсуз – LED лампаларда сымап жана зыяндуу заттар жок.
Көзгө жагымдуу жарык – табигый жарыкка эң жакын, жумшак жана ыңгайлуу.
Ар бирибиз үчүн пайдасы
LED лампаларга өтүү менен энергетикалык системага түшкөн жүк азаят, элдин жана мекемелердин чыгымы кыскарат, атмосферага зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы төмөндөйт.
Бул жөнөкөй кадам — келечекке жасалган салым. Ар бир үй-бүлө, ар бир уюм жана ишкана энергияны үнөмдөө ишине өз салымын кошо алат.
«КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы жарандарды жана уюмдардын жетекчилерин заманбап жарыктандыруу технологияларын колдонууга чакырат. LED лампалары — бул келечекке инвестиция, ал эми пайдасы бүгүнтөн баштап сезилет.