“Үч Чоку” долбоорунун алкагында «КУЭТ» ААК тын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ көмөк чордонунун курулушун жүргүзүүдө.
Учурда электр жабдууларын орнотуу үчүн фундаменттин курулушу толугу менен аяктап, 35 кВ өчүргүч жана 10 кВ КРУН (комплекттүү бөлүштүрүүчү түзүлүш) орнотулду. Жакынкы убакта кубаттуулугу 2500 кВА болгон күч трансформатору орнотулат.
Ошол эле учурда бир катар кошумча иштер да аткарылууда. Узундугу 6 чакырым болгон 35 кВ аба чубалгысы дал ошондой чыңалуудагы кабелдик чубалгыга алмаштырылат. Бул электр энергиясын туруктуу жана коопсуз камсыздоону шарттайт. Курулуштун алкагында кошумча 10/6 кВ трансформатору (кубаттуулугу 1000 кВА) орнотулат жана узундугу 0,3 чакырым болгон 6 кВ аба чубалгысы тартылат.
Учурда 35 кВ кабелдик чубалгынын маршруту жана 10/6 кВ трансформатордук подстанциясын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин аныктоо жана макулдашуу иштери жүрүп жатат.