Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын алкагында Ысык-Көл облусунда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер уланууда. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы — Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылы 35–110–220 кВ чыңалуудагы жалпы 1411 чакырым жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Учурда 120 чакырымдан ашык аба чубалгысында тиешелүү иштер аткарылды.
Техникалык тейлөөнүн жүрүшүндө адистер аба чубалгыларынын техникалык абалын толук текшерип, тирөөчтөрдүн бекемдигин, зымдардын жана жабдуулардын абалын көзөмөлдөн өткөрүшөт. Ошондой эле эскирген жана жараксыз тетиктер алмаштырылып, коопсуздук талаптарына жооп бербеген бөлүктөр жаңыртылууда.
Бул иштердин негизги максаты — авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүү жана күз-кыш мезгилине тармактарды сапаттуу даярдоо болуп саналат. Натыйжада электр менен камсыздоонун сапаты жакшырып, тармактардын ишенимдүүлүгү жогорулайт.
Техникалык тейлөөнүн алкагында 1964-жылдары орнотулган 5495 эски фарфор изолятор заманбап айнек изоляторлорго алмаштырылат. Узак убакыт пайдаланылган фарфор изоляторлор убакыттын өтүшү менен жарака кетип, нымдуулуктун жана аба ырайынын таасиринен өзүнүн сапатын жоготот. Бул болсо аба чубалгыларында үзгүлтүктөрдүн жана авариялык өчүрүүлөрдүн жаралуу коркунучун күчөтөт.
Ал эми жаңы айнек изоляторлор бышыктыгы, узак мөөнөт кызмат кылуусу жана аба ырайына туруктуулугу менен айырмаланып, жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын коопсуз жана туруктуу иштөөсүн камсыздайт.
Мындан тышкары, жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы тарабынан суу ташкынынын алдын алуу иштери дагы жүргүзүлүүдө. Учурда 4 тирөөчтө коргоо чаралары аткарылып, жыл соңуна чейин дагы 13 тирөөчтө бекемдөө жана коргоо иштерин жүргүзүү пландалууда.
Аталган иштер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Техникалык тейлөө жана изоляторлорду алмаштыруу иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин толук аяктайт.
Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот: 📞 105 (чалуу акысыз) 📞 +996 772 001209, 0556 001209 📲 WhatsApp: +996 702 001209