Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Жети-Өгүз РЭТи 2025-жылдын алты айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Жыл башынан бери калкты туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында бир катар иштер аткарылды:
161 даана трансформатор жана 230 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;
22 трансформатор менен 18 чакырым электр зымдары капиталдык оңдоого алынган;
Коопсуз жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылуу максатында 1,9 чакырым алюминий зымдар заманбап СИП зымдарга алмаштырылган;
Эскилиги жеткен 60 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;
Аба чубалгыларынын коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 80 чакырым трасса боюнча бутактарды кыю жана бактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү;
Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери кызуу жүрүүдө: 18 000 даананын ичинен 6811 орнотулуп, толук бүтүрүү ноябрга чейин пландалууда.
Бул иштердин баары электр тармагын жаңылоого, жоготууларды азайтууга жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган. Жети-Өгүз РЭСи 2025-жылдын аягына чейин модернизациялоо иштерин планга ылайык улантат.
Маалымат үчүн:
Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз РЭТи 23497 абонентке кызмат көрсөтүп, жалпы 1407,5 чакырым электр зымдарын жана 622 трансформатордук көмөк чордондорду тейлейт.