Колл - борбор: 105, 1209

Жети-Өгүз районунда 387 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү

10 Октябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын Жети-Өгүз РЭТи керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу максатында ири иштерди аткарууда.

Жети-Өгүз  району боюнча 2025-жылдын башынан бери төмөнкү иштер ишке ашырылды:

242 даана трансформатор жана 387 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү;

34 трансформатор менен 39 чакырым электр зымдары капиталдык оңдоого алынган;

Коопсуз жана туруктуу электр энергиясын камсыз кылуу максатында 4,5  чакырым алюминий зымдар заманбап СИП зымдарга алмаштырылган, октябрь айынын аягына чейин дагы 5,5 чакырым СИП зымдары тартылат.

Эскилиги жеткен 335  жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды;

Аба чубалгыларынын  коопсуз иштешин камсыздоо үчүн 130 чакырым трасса боюнча бутактарды кыю жана бактарды тазалоо иштери жүргүзүлдү;

 

Мындан тышкары жаңы инфраструктураларды түзүү боюнча дагы бир катар иштер аткарылууда: 2025-жыл ичинде 3 жаңы көмөк чордону орнотуу каралган. Учурда алардын экөөсү ийгиликтүү орнотулуп, ишке берилип, бирөөсү  октябрь айынын аягына чейин орнотулат. Ошондой эле 4 көмөк чордондо кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери кызуу жүрүүдө: 18 000 даананын ичинен  9000 - орнотулуп, жыл аягана чейин толук бүтүрүү пландалууда.

Бул иштердин баары электр тармагын жаңылоого, жоготууларды азайтууга жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз РЭТи 23497 абонентке кызмат көрсөтүп, жалпы 1407,5  чакырым электр зымдарын жана  622 трансформатордук көмөк чордондорду тейлейт.

Техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан учурда айрым аймактарда убактылуу электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн экендигин эскертебиз.

Толук маалымат алуу үчүн Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтына жана «Мой свет» мобилдик тиркемесине кайрылыңыздар. Суроолор боюнча төмөнкү байланыш номерлери күнү-түнү жеткиликтүү:

 105, 1209, 0772 001 209, 0702 001 209, 0556 001 209.