Колл - борбор: 105, 1209

Көмөк чордондор күз-кыш айларына даярдалууда

26 Июль 2023 ж.

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус  боюнча  60  көмөк чордонду   тейлейт.  Алардын  ичинен :

220/110/24-10 кВ-2 даана,

110/35/10-6 кВ- 8 даана,

110/10 кВ – 23 даана,

35/10-6 кВ-24 даана,

10 кВ-3 даана бөлуштүрүүчү пунку.

Көмөк чордон кызматы 5 топко бөлүнгөн: оңдоп даярдоо  тобу,  Балыкчы,  Чолпон-Ата,  Пржевальск  жана Тамга көмөк чордон топтору.

Учурда Каракол көмөк чордон тобунун кызматкерлери “Жыргалаң-35/6 кВ” көмөк чордонун күз-кыш айларына даярдоо максатында оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүдө.

Жалпы 2023-жылга  алтымыш  көмөк чордон капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө пландалса, аны ичинен отуз алтысы  толугу менен оңдоп- түзөөдөн өттү. Ал эми калган жыйырма төртү  ушул жылдын октябр айынын аягына чейин толугу менен бүтөт.