Колл - борбор: 105, 1209

Жаңы трансформаторлор орнотулууда

9 Июнь 2025 ж.

 «Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында  «КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл  электр тармагы  ишканасына   жаңы 20 даана трансформаторлор алынып келинип, орнотуу иштери башталды.

Анын ичинен:

- Жети-Өгүз РЭТине 2 даана;

- Балыкчы РЭТине 1 даана;

- Ак-Суу РЭТине 2 даана;

-Чолпон-Ата РЭТине 3 даана;

- Тоң РЭТине 1 даана;

-Түп РЭТине 3 даана;

-Каракол РЭТине 8 даана трансформатор орнотулат.

Учурда кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында  Жети-Өгүз  районунун  Светлая Поляна  айылында кубаттуулугу  250 кВА трансформатор орнотулду.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана электр жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат. Ошондой эле жүктөмдүн өсүшүнө жараша тармактын туруктуулугун камсыздайт.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз.

Колл-борбору : 105; 1209;  +996 772 00 1209;  +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209