Колл - борбор: 105

Жарандарды энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат

22 Январь 2026 ж.

«КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармактары ишканасы жарандарды, уюмдарды жана мекемелерди энергияны үнөмдөө жана энергиянын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чараларын активдүү колдонууга чакырат. Бул электр энергиясына болгон чыгымдарды кыскартууга гана эмес, ресурстарды акыл менен пайдалануу маданиятын калыптандырууга көмөктөшөт.

 Ысык-Көл электр тармагы ишканасы  сунуштаган негизги чаралар:

– A++ жана андан жогору класстагы тиричилик техникасын колдонуу;

– Светодиоддук лампаларга өтүү;

– Турак жайдын чатырын жана сырткы дубалдарын жылуулоо;

– Энергияны көп талап кылган процесстерди (кир жуу, жылытуу) түнкү убакытка которуу;

 Биз мамлекет, бизнес жана ар бир жарандын биргелешкен аракетинин негизинде гана энергияны туруктуу түрдө үнөмдөөгө жетишип, ресурстарды келечек муундар үчүн сактап кала алабыз.