Жайкы каникул — эс алуу, оюн-зоок жана сейилдөө мезгили. Бирок дал ушул мезгилде балдардын электр коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздарга электр коопсуздугунун жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерин эскертиңиздер:
🔸 Трансформатордук көмөк чордонго жана электр калкандарына жакындабоо.
🔸 Электр мамыларынын жанында ойнобоо.
🔸 Үзүлгөн зымдарды кармабоо — аларда ток жоктой көрүнсө дагы.
🔸 Электр чубалгыларына жакын дарактарга чыкпоо.
🔸 Розеткага бөтөн буюмдарды салбоо.
🔸 Электр шаймандарын суу кол менен колдонбоо.
🔸 Электр чубалгыларынын жанында аба жыландарын учурбоо.
⚠️ Электр энергиясынын өңү да, жыты да жок. Бирок ал өтө кооптуу!
Балдарыңыздардын коопсуздугуна кайдыгер карабаңыздар!