Колл - борбор: 105

Ысык-Көлдө Формула-1 боюнча дүйнөлүк чемпионатты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн бардык пландалган иштер аяктады

30 Июль 2026 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактар ишканасы Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O "Кыргызстандын Гран-приси" эл аралык мелдешин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында пландалган бардык иштерди ийгиликтүү аяктады.
 
2026-жылдагы капиталдык курулуш планынын алкагында төмөнкү иштер толугу менен аткарылды:
 
0,7 чакырым 10 кВ СИП-3 аба чубалгысы курулду;
 
0,2 чакырым 0,4 кВ СИП-2 аба чубалгысы курулду;
 
1,1 чакырым 0,4 кВ кабелдик чубалгысы тартылды;
 
Жалпы үч даана 10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчордон орнотулду. Анын ичинде:
 
1 даана кубаттуулугу 1000 кВА;
 
2 даана кубаттуулугу 630 кВА.
 
Мындан тышкары, чемпионат өтүүчү күндөрү жооптуу объектилерди резервдик электр энергиясы менен камсыздоо үчүн тиешелүү локацияларга генераторлор даярдалып, жайгаштырылат.
 
Аталган иштер эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чараны ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы чемпионаттын жүрүшүндө электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн нөөмөт режиминде иш алып барат.