Колл - борбор: 105

Ысык-Көлдө энергетиктердин ыкчам даярдык машыгуулары өтүүдө

19 Май 2026 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасында мобилдик бригадалардын катышуусунда өзгөчө кырдаалдарга ыкчам аракет көрүү боюнча машыгуулар өтүүдө. Иш-чаралар Энергетика министрлигинин реформаларынын алкагында уюштурулуп, жайкы сезондо аймакты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Машыгууларга Нарын электр тармактар ишканасынын жана Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын бригадалары катышууда.
Машыгуулардын алкагында Григорьевка айылында 103 чакырым СИП зымдары тартылып, 500дөн ашык темир-бетон мамылар орнотулат. Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, 6-Көчмөндөр оюндарын сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
Энергетиктер атайын техника, коргонуу каражаттары жана керектүү материалдар менен толук камсыздалган. 18-майда башталган машыгуулар 30-майга чейин уланат. Анын жүрүшүндө кызматкерлер жаңы курулуш жана реконструкция иштерине катышып, тажрыйба алмашуу менен күз-кыш мезгилине даярдыкты бекемдешет.