Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетикалык тармакты өнүктүрүү жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсы филиалдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону улантууда. Бул багыттагы иштердин натыйжасында бүгүн Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техникалар менен толукталды.
Жаңы техникаларды тапшыруу аземинде ишкананын жетекчилиги аларды тиешелүү кызматтарга жана райондук электр тармактарына өткөрүп берди. Белгиленгендей, заманбап техникалар өндүрүштүк иштердин натыйжалуулугун арттырып, энергетиктердин күнүмдүк ишин жеңилдетүүгө жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга кызмат кылат.
Тактап айтканда, Чолпон-Ата райондук электр тармагына 1 даана ISUZU үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа, Жети-Өгүз райондук электр тармагына 1 даана ISUZU үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа тапшырылды. Ал эми унаа жана механизация кызматына FAW үлгүсүндөгү телескоп, жүк ташуучу автоунаа (тягач жарым чиркегичи менен) жана экскаватор берилди.
Жаңы техникалар электр тармактарын куруу, реконструкциялоо жана тейлөө иштерин сапаттуу аткарууга, ошондой эле авариялык кырдаалдарды кыска мөөнөттө жоюуга мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө бийиктиктеги жумуштарды аткарууда телескоптун, жер казуу иштеринде экскаватордун жана оор жүктөрдү ташууда жүк ташуучу автоунаанын ролу чоң.
Жаңы техникалардын пайдаланууга берилиши өндүрүштүк процесстердин натыйжалуулугун арттырып, авариялык жана оңдоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, кызматкерлердин эмгек шарттарын жана коопсуздугун жакшыртып, техникалык иштерди заманбап талаптарга ылайык аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өз кезегинде электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатат.
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан мындай иштер энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырууга жана тармактын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Заманбап техника – сапаттуу тейлөөнүн, коопсуз эмгектин жана ишенимдүү электр менен камсыздоонун кепилдиги!