“КУЭТ” ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасында «Көмөк чордондордун жана аба чубалгыларынын электр жабдууларын диагностикалоо» темасында семинар-кеңешме өтүүдө. Семинар 2025-жылдын 29-июлунан тартып 1-августка чейин созулмакчы.
Семинарга “КУЭТ” ААКтын баардык филилалдарынын изоляция кызматтарынын жетекчилери жана инженерлери, ошондой эле изоляция жана ашыкча чыңалуудан коргоо боюнча борбордук кызматынын алдыңкы адистери катышты. Иш-чараны “КУЭТ” ААКтын техникалык директору Жолдошбек Ибраев ачып, семинар-кеңешме кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга маанилүү аянтча болоорун белгиледи.
Иш-чаранын негизги максаты — 2024-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу, персоналдын квалификациясын жогорулатуу жана жаңы диагностикалык ыкмалар менен таанышуу.
Семинардын алкагында төмөнкү иш-чаралар каралган:
Тангенс 2000, ИВС 200 микрометри, Megger, ВТМ-МК нымдуулук өлчөгүч, FLIR-4230 жылуулук камерасы сыяктуу заманбап приборлорду колдонуу боюнча практикалык окутуулар;
Ысык-Көл электр тармагы ишканасынын оңдоо цехинде жабдуулар менен иштөө боюнча практикалык сабактар;
“Ысык-Көл” жана “Тамга” көмөк чордондоруна техникалык экскурсиялар;
2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маселелерди талкуулоо.