Энергетика тармагын модернизациялоо жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасында бир катар маанилүү иштер аткарылды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо максатында 552 даана темир-бетон тирөөчтөр орнотулуп, 94,2 чакырым өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП) тартылды.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата райондук электр тармактарында жайкы туристтик сезондо аймактын электр энергия менен камсыздоосунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Анын алкагында 67,2 чакырым жаңы СИП зымдары курулуп, 15,2 чакырым эскирген алюминий зымдары заманбап СИП зымдарына алмаштырылды. Бул иштердин алкагында 401 даана темир-бетон тирөөч орнотулду.
Эскирген алюминий зымдарды заманбап СИП зымдарына алмаштыруу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. СИП зымдары изоляцияланган болгондуктан шамал, жаан-чачын, бак-дарактардын бутактары жана башка тышкы факторлордон келип чыккан авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин азайтат. Мындан тышкары, электр энергиясынын техникалык жоготууларын төмөндөтүп, электр коопсуздугун күчөтөт жана тармактарды тейлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартат. Ошондуктан өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоо иштеринде СИП зымдарын колдонууга өзгөчө артыкчылык берилүүдө.
Ошондой эле Чолпон-Ата райондук электр тармактары электр электр энергия менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана жабдуулардын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу боюнча пландуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Жыл башынан бери 7,4 чакырым электр берүүчү аба чубалгылары жана 17 трансформатордук көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары, 26,1 чакырым электр чубалгысы менен 67 трансформатордук көмөк чордондо техникалык тейлөө иштери аткарылды. Бул иш-чаралар электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртып, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот:
📞 105 (чалуу акысыз)
📞 +996 772 001209, 0556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209