Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде Ысык-Көл облусунда калкты жана социалдык объектилерди 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.
2026-жылга карата 10/0,4 кВ электр тармактары боюнча:
157 чакырым электр чубалгысы, 291 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган.
Бүгүнкү күндө анын ичинен:
35 чакырым электр чубалгысы, 83 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Мындан тышкары, техникалык тейлөө алкагында:
1412 чакырым электр чубалгысы, 1655 көмөк чордон тейлөөдөн өткөрүү каралган.
Учурда аткарылганы:
554 чакырым электр чубалгысы, 675 көмөк чордон.
Ошондой эле 2026-жыл ичинде:
13 553 даана изолятор орнотуу пландалган.
Бүгүнкү күнгө чейин 2924 даана изолятор жаңыртылып орнотулду.
📊 Жүргүзүлгөн иштердин күтүлгөн жыйынтыгы (натыйжасы):
Жогорудагы оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринин жыйынтыгында:
авариялык өчүрүүлөрдүн саны 5-10 % га кыскарат;
электр тармактарынын ишенимдүүлүгү жогорулайт (10% чейин);
чыңалуу түшүүлөрү жана үзгүлтүктөр минималдашат;
кыш мезгилинде катуу жүктөм учурунда тармактардын туруктуулугу жакшырат жана жабдуулардын авариялык эскиришинин ылдамдыгы азайтылат.
Бардык иштер 2026-жылдын ноябрь айына чейин толук аякталат.
Күз-кыш мезгилине даярдык энергетика тармагындагы эң маанилүү этап болуп саналат. Алдын ала жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин натыйжасында электр жабдууларынын туруктуу жана коопсуз иштөөсү камсыздалат.
Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот:
📞 105 (чалуу акысыз)
📞 +996 772 001209, 0556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209