Колл - борбор: 105

Ысык-Көлдө 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык: 157 чакырым электр чубалгысы оңдолот

22 Май 2026 ж.

Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде Ысык-Көл облусунда калкты жана социалдык объектилерди 2026–2027-жылдардын  күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында  пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

2026-жылга карата 10/0,4 кВ электр тармактары боюнча:

157 чакырым электр чубалгысы, 291 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күндө анын ичинен:

23 чакырым электр чубалгысы, 52 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Мындан тышкары, техникалык тейлөө алкагында:

1412 чакырым электр чубалгысы, 1655 көмөк чордон тейлөөдөн өткөрүү каралган.

Учурда аткарылганы:

478 чакырым электр чубалгысы, 573 көмөк чордон.

Ошондой эле 2026-жыл ичинде:

13 553 даана изолятор орнотуу пландалган.

Бүгүнкү күнгө чейин 1 450 даана изолятор жаңыртылып орнотулду.

📊 Жүргүзүлгөн иштердин күтүлгөн жыйынтыгы (натыйжасы):

Жогорудагы оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринин жыйынтыгында:

авариялык өчүрүүлөрдүн саны 5-10 % га кыскарат;

электр тармактарынын ишенимдүүлүгү жогорулайт (10% чейин);

чыңалуу түшүүлөрү жана үзгүлтүктөр минималдашат;

кыш мезгилинде катуу жүктөм учурунда тармактардын туруктуулугу жакшырат жана жабдуулардын авариялык эскиришинин ылдамдыгы азайтылат.

Бардык иштер 2026-жылдын ноябрь айына чейин толук аякталат.

Күз-кыш мезгилине даярдык энергетика тармагындагы эң маанилүү этап болуп саналат. Алдын ала жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин натыйжасында электр жабдууларынын туруктуу жана коопсуз иштөөсү камсыздалат.