Колл - борбор: 105

Ысык-Көлдө 2000 жаңы темир-бетон мамы орнотулат

13 Февраль 2026 ж.

2026-жылы Ысык-Көл облусунда электр тармагын жаңылоо иштери улантылып, 2000ден ашык эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында «КУЭТ» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан ишке ашырылат.

Алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960–70-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, бүгүнкү күндө авариялык абалга келген. Жаңы темир-бетон мамылар электр энергиясын үзгүлтүксүз жана коопсуз жеткирүүгө шарт түзүп, тармактын ишенимдүүлүгүн арттырат.

2026-жылга карата мамылар төмөнкү райондор боюнча орнотулат:

Ак-Суу РЭТ – 258 даана

Каракол РЭТ – 260 даана

Жети-Өгүз РЭТ – 263 даана

Тоң РЭТ – 543 даана

Чолпон-Ата РЭТ – 314 даана

Түп РЭТ – 229 даана

Балыкчы РЭТ – 282 даана

Планга ылайык темир-бетон мамылар 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин орнотулуп бүтөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы ишкана 1500дөн ашык темир-бетон мамыларын ийгиликтүү орнотуп, бир катар аймактардагы эски инфраструктура жаңыланган.

2026-жылы орнотулуучу мамылар Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын өзүнүн темир-бетон чыгаруучу цехинде даярдалат. Бул цех 2017-жылдан бери Балыкчы райондук электр тармагынын аймагында ийгиликтүү иштеп келет. Бул жерде СВ-110 жана СВ-95 маркасындагы сапаттуу темир-бетон мамылар чыгарылат.

Жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштери — аймактагы электр камсыздоонун туруктуулугун жогорулатууга, авариялардын санын азайтууга жана керектөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган маанилүү кадам. Ысык-Көлдө энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо иштери мындан ары да ырааттуу улантылат.

📞 Электр энергиясына байланыштуу суроолор үчүн төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

105; 1209

📱 +996 772 001209; +996 556 001209

📲 WhatsApp: +996 702 001209