Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардыин алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын Чолпон-Ата РЭТи тарабынан электр тармактарын жаңылоо жана күз-кыш мезгилине даярдоо иштери пландуу тартипте уланууда.
Бүгүнкү күнгө карата төмөнкү иш-чаралар аткарылды:
2025-жылга карата 500 даана эскирген электр мамыларын жаңы темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалып, алардын ичинен 200 даана мамы орнотулду;
10 чакырым 10 кВ аба чубалгыларын куруу ишинин 4 чакырымы бүткөрүлдү;
33 чакырым аба чубалгыларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштери жүргүзүлдү;
9 көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 96 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өттү;
65 чакырым аралыкта бак-дарактардын бутактары кесилди.
Мындан тышкары, Тамчы айылында кубаттуулугу жогору 630 кВА жаңы көмөк чордону орнотулуп, 1,1 чакырым аба чубалгысы жаңы кабелдик линияларга алмаштырылды. Бул иштер Чок-Тал жана Тамчы айылдарынын тургундарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түздү.
Алдыда Кожояр жана Бактуу-Долоноту айылдарында кошумча жабдуулар орнотуу иштери пландалууда.
Техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан учурда айрым аймактарда убактылуу электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн экендигин эскертебиз.
Толук маалымат Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтына жана «Мой свет» мобилдик тиркемесине келет.
Суроолор боюнча төмөнкү байланыш номерлери күнү-түнү жеткиликтүү:
105, 1209, 0772 001 209, 0702 001 209, 0556 001 209.