Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айылында узундугу 8 чакырымга жакын аба чубалгылары реконструкцияланууда

3 Август 2023 ж.

Ысык-Көл Электр тармактар ишканасынын курулуш-монтаждоо башкармалыгынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы 0,4 кВ  аба чубалгылары калыбына келтирүүдө.

Реконструкция учурунда эки эсе көп колдонулган эски жыгач мамычалар 185 даана өлчөмүндө жаңы темир-бетон мамычаларга  алмаштырылат жана  8 чакырымга жакын электр зымдары жаңыланат.

Азыркы убакта 130 темир-бетон мамычалар орнотулуп,  узундугу 5 чакырымдан ашык электр зымдары тартылып бүттү.

Ошентип, Ак-Терек айылынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулайт.

Белгилей кетсек, жогорудагы иштер Ак-Терек айылынын жергиликтүү бийлиги  менен биргеликте жүргүзүлүүдө.