Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 17000 акылдуу эсептегич орнотулду

30 Май 2025 ж.

Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Ысык-Көл электр тармактар ишканасы акылдуу эсептегичтерди  орнотуу иштерин улантууда.

2025-жылдын башынан бери Ысык-Көл облусу боюнча 17000 акылдуу эсептегич орнотулду.  Анын ичинен:

- Жети-Өгүз РЭТине 4073;

- Балыкыч РЭТине 2914;

- Ак-Суу РЭТине 3464;

-Чолпон-Ата РЭТине 3426;

- Тоң РЭТине 3074 даана акылдуу эсептегичтер орнотулду.

Жалпы облус боюнча 2025-жылга 55923 акылдуу эсептегич  орнотуу пландалган.

Акылдуу эсептегичтер:

• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;

• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоого жардам берет;

• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;

• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;

• коррупцияны жоюуга жардам берет;

• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209

Beeline: +996 772 00 1209

MegaCom: +996 556 00 1209

O! : +996 702 00 1209