Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларында 2802 даана изоляторлор алмаштырылды

5 Сентябрь 2025 ж.

Энергетика министрлигинин электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу программасынын алкагында «КУЭТ» ААКтын филиалы — Ысык-Көл электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүп жатат.

«КУЭТ» ААКтын  Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын жогорку чыңалуудагы электр тармактарын тейлөө кызматы жалпы узундугу 1326,7 км болгон 35-110-220 кВ аба электр берүү чубалгыларын тейлейт.

Алар 2025-жылдын башынан бери пландын негизинде Ысык-Көл облусунда эскирген 2802 даана фарфор изоляторлорун жаңы айнек изоляторлоруна алмаштырышты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жети айында 19 чакырым жогорку чыңалуудагы (35-110-220 кВ) аба электр берүү чубалгыларына капиталдык ремонт жүргүзүлүп, 827 чакырым чубалгыга техникалык тейлөө иштери аткарылды.

Мындан тышкары, жогорку чыңалуудагы электр тармактарын тейлөө кызматы жогорку чыңалуудагы электр мамыларында селден коргоо иш-чараларын да жүргүзүүдө. Бул иш-чаралар комплекси авариялык кырдаалдардын чыгуу коркунучун азайтып, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Селден коргонуу боюнча даярдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу кызматтары менен тыгыз кызматташууда жүргүзүлүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн  иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Аймактагы   оңдоо иштери тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтында жайгаштырылат: https://ipes.nesk.kg/ru/

Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы боюнча суроолор үчүн күнү-түнү иштеген байланыш номерлери:

📞 105, 1209

📱 +996 772 001209

📱 +996 556 001209

📲 WhatsApp: +996 702 001209