Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда көмөк чордондордун кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылат

30 Сентябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы — Ысык-Көл электр тармактары ишканасы аймактагы электр энергиясын туруктуу жана сапаттуу жеткирүү максатында бир катар маанилүү техникалык иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырууда.

Негизги өзгөрүүлөр:

“Южная-1” көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВА трансформаторго алмаштырылды.

“Саруу” көмөк чордонунда 6,3 МВА трансформатор 10 МВА трансформаторго алмаштырылды.

“Кең-Суу”  көмөк чордонунда 2,5 МВА трансформатор 4 МВА трансформаторго алмаштырылды.

Алдыда:

«Пржевальск» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылат.

«Восточный» көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВАга алмаштырылат.

«Покровка» көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылат.

 «Жети-Өгүз» көмөк чордонунда  10 МВА трансформаторлор 16 МВА трансформаторлоруна алмаштырылат.

Ушундай эле иштер «Барскоон», «Улахол» көмөк чордондорунда жүргүзүлөт. Бул өзгөртүүлөр электр жүктөмүнүн өсүшүнө даярдыкты камсыздап, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоону жакшыртат. Жумуштар 2025-жылдын октябрь айында толук аяктайт. Ошону менен облустагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56,5 МВАга жогорулатылат.

Мындан тышкары, «Ачикеев» көмөк чордонунда 1989-жылы орнотулган эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Жаңы жабдуулар авариялык абалдарды алдын алып, электр чынжырларын жүк астында автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ. Кийинкиде ушундай иштер «Кең-Суу», «Маяк», «Бошарино», «Энилчек»  көмөк чордондорунда аткарылат.

Тейлөө жана оңдоо иштеринин жыйынтыктары:

Ысык-Көл электр тармактарынын көмөк чордон кызматы облус боюнча 35 кВдан 220 кВга чейинки 61 көмөк чордондун ишин камсыздайт. 2025-жылдын башынан бери:

50 көмөк чордондо 3900 жабдуу пландык тейлөөдөн өттү,

36 көмөк чордондо 268 жабдуу капиталдык оңдолду.

Техникалык иштер күз-кыш мезгилинде керектөө жогорулаган маалда электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздоого багытталган. Бардык иштер пландуу негизде жана өз мөөнөтүндө аткарылууда.

⚠️ Эскертүү: техникалык иштер жүрүп жаткан мезгилде электр энергиясы убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн.

Маалыматтар расмий сайтта — https://ipes.nesk.kg/ жана «Мой свет» мобилдик тиркемесинде үзгүлтүксүз жарыяланат.

📞 Электр энергиясы боюнча суроолор үчүн күнү-түнү төмөнкү байланыш номерлерине кайрылыңыз:

105

1209

+996 772 001209

+996 556 001209

📲 WhatsApp: +996 702 001209