Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 76 чакырым эскирген 0,4 кВ зымдар реконструкцияланат

10 Июль 2025 ж.

Энергетика министрлиги тармакты жаңылоого багытталган реформанын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөөдө. Анын катарында кардарларга сапаттуу электр энергиясын берүү максатында Ысык-Көл облусунда эскирген электр зымдарын реконструкциялоо иштери улантылууда.
Реконструкциянын алкагында жалпысынан облус боюнча 2025-жылга 76 чакырым СИП зымдарын орнотуу иштери пландалган. 2025-жылдын 6 айында 11,9 чакырым 0,4 кВ эскирген алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылды.
Анын ичинен:
• Каракол РЭТи -10,1 чакырым
• Чолпон-Ата РЭТи -10,7 чакырым
• Балыкчы РЭТи – 9,1 чакырым
• Тоң РЭТи - 10,2 чакырым
• Ак-Суу РЭТи - 10,9 чакырым
• Жети-Өгүз РЭТи -11,6 чакырым
• Түп РЭТи -13,6 чакырым СИП зымдарын орнотуу пландалган.
Учурда төмөнкү жумуштар аткарылды:
• Каракол РЭТи – 2,4 км
• Чолпон-Ата РЭТи – 3,2 км
• Балыкчы РЭТи – 1,8 км
• Жети-Өгүз РЭТи – 2,4 км
• Түп РЭТи – 2,1 км.
Калган 65,9 чакырым СИП зымдары 2025-жылдын октябрь айына чейин орнотулат.
Мындан тышкары Ысык-Көл облусу боюнча 1960-70 жылдары орнотулуп, эксплуатация мөөнөтүн эки эсе аткарып бүтүп, авариялык абалда турган 305 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.
Пландык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтар Ысык-Көл электр тармактарынын расмий сайтына жарыяланат:
Жана ошондой эле «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу кабарламалар жөнөтүлөт.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, төмөнкү байланыш номерлерине кайрылыңыздар:
📞 105, 1209
📱 +996 772 001209 | +996 556 001209