Энергетика министрлиги тарабынан электр тармагын жаңылоо жана модернизациялоо боюнча берилген тапшырманын алкагында, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы — Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 2026-жылы жалпы узундугу 75,5 чакырым болгон 10/0,4 кВ эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштырууну пландап жатат.
Пландалган иштер төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:
* Каракол шаарында – 8,6 чакырым
* Чолпон-Ата шаарында – 19,7 чакырым
* Балыкчы шаарында – 5,6 чакырым
* Тоң районунда – 20 чакырым
* Ак-Суу районунда – 6 чакырым
* Жети-Өгүз районунда – 5,5 чакырым
* Түп районунда – 7,7 чакырым СИП зымдары орнотулат.
Ошону менен бирге реконструкция иштеринин алкагында 1100 даана эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылат. Реконструкция иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айына чейин аяктайт.
Мындан тышкары, 2026-жылы жалпы 27,1 чакырым жаңы СИП зымдары курулат жана 588 даана темир-бетон мамылары орнотулат. Учурда 11 чакырым СИП зымдары курулуп, 167 темир - бетон мамылары орнотулуп бүттү.
Ал эми 2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча 90 чакырым СИП зымдары тартылып, 1300 даана эскирген жыгач мамылар жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылган. Белгилей кетсек, алмаштырылып жаткан жыгач мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, эксплуатациялык мөөнөтүн эки эсе өтөп, авариялык абалга келген.
СИП зымдарынын негизги артыкчылыгы – алар карга, жаан-чачынга жана катуу шамалга туруктуу болуп, ошондой эле бак-дарактардын тийишинен келип чыккан авариялык өчүрүүлөрдү дээрлик толугу менен жоёт.
Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот:
📞 105 (чалуу акысыз)
📞 +996 772 001209, 0556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209