Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 565,4 км жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары оңдоодон өткөрүлдү

2 Июль 2025 ж.

Ысык-Көл электр тармактар ​​ишканасынын «Кыргызстан УЭТ» ААК филиалынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы 35-110-220 кВ жалпы узундугу 1326,7 км болгон аба электр чубалгыларын тейлейт.

Үстүбүздөгү жылы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматы тарабынан 2025-жылга карата иш планына ылайык 565,4 км аба чубалгылары оңдолду (утурумдук оңдоо).

Ошону менен бирге эскирип, иштөө мөөнөтү өткөн  фарфор изоляторлору жаңы айнек изоляторлоруна алмашылууда. Жалпысынан 2025-жылдын башынан бери 1028 изолятор алмаштырылды. Жыл аягына чейин дагы 5503 изоляторор жаңыланат.

Жогоруда көрсөтүлгөн  иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Аймактагы   оңдоо иштери тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактар ​​ишканасынын расмий сайтында жайгаштырылат: https://ipes.nesk.kg/ru/

Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209

+996 772 001209
+996 556 001209