Колл - борбор: 105

Ысык-Көл облусунда 2026-жылы ири масштабдагы жаңылануу иштери жүргүзүлөт

6 Февраль 2026 ж.

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Ысык-Көл облусунда электр тармактарын жаңылоого жана калкты ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого багытталган ири масштабдагы иштер пландалууда. Бул чаралар аймактын энергетикалык коопсуздугун чыңдап, керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталат.

Атап айтканда, 2026-жылы облус аймагында 50 чакырым эски электр зымдары заманбап, коопсуз жана аба ырайынын туруксуз шарттарына чыдамдуу СИП зымдарына алмаштырылат. Бул электр энергиясынын техникалык жоготууларын кыскартып, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, узундугу 80 чакырымды түзгөн 110 кВ Тамга–Пржевальск аба чубалгылары толугу менен жаңыланат. Бул линия Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун, ошондой эле Каракол шаарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Аталган ири энергетикалык долбоор калкты жана социалдык объектилерди туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, 2026-жылы Ысык-Көл облусунун бардык керектөөчүлөрү 100 пайыз акылдуу эсептегичтер менен камсыздалат. Бул эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, керектөөнү көзөмөлдөөгө жана ашыкча чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.

Ошондой эле Пржевальск көмөк чордонунда маанилүү жаңылануу иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, кубаттуулугу 25 МВА болгон трансформатор 40 МВА трансформаторго алмаштырылып, көмөк чордонунун жалпы кубаттуулугу жогорулайт. Бул өсүп жаткан электр энергиясына болгон суроо-талапты толук камсыздап, аймактын келечектеги өнүгүүсүнө бекем негиз түзөт.

Жаңылануу иштеринин алкагында Ысык-Көл облусунда 5 даана жаңы заманбап реклоузер орнотулат. Реклоузер — бул 6–35 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында колдонулуучу автоматтык өчүргүч жабдуу болуп, линияларды авариялык токтордон коргойт жана убактылуу бузулуулар болгон учурда электр энергиясын өз алдынча калыбына келтирет.

Мындан тышкары, облус боюнча 14 даана 6–10/0,4 кВ көмөк чордондор орнотулат.

Аткарылып жаткан жана пландалган бул иштердин бардыгы Ысык-Көл облусунун тургундарын туруктуу, коопсуз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт.

Жаңыланган электр тармактары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, калктын жашоо сапатынын жогорулашына олуттуу салым кошот.