Ысык-Көл облусунда 2025-жылдын аягына чейин акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери аяктайт

1 Март 2024 ж.

Бүгүн 29 февралда,  “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун коммерциялык суроолор боюнча орун басары     Дуйшө уулу Уларбек   Түп районунун акими Адиев Каныбек Маматбекович жана Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Ак-Суу жана Түп райондорунда  электр энергия  менен камсыздоо процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү маселелерин талкуулашты. Ал учурда Ысык-Көл облусунда 40000 ден ашык кардарга акылдуу эсептегич орнотулганын, анан ичинен Ак-Суу жана Түп райондоруна 6000 ге жакын акылдуу эсептегичтер орнотулганын белгиледи.

Ошону менен бирге Дуйшо уулу Уларбек   Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынын жашоочулары менен жолугуп, жеринен акылдуу эсептегичтер тууралуу  түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Эскерте кетсек,  Кереге-Таш айылында кардарлар алдын ала төлөөчү эсептегичтер менен колдонушчу, тилеке каршы алардын иштөө мөөнөтү аяктаган.  Бүгүнкү күндө Кереге-Таш айылындагы кардарларга акылдуу эсептегичтер толугу менен орнотулуп буткон.

Мындан сырткары Дуйшө уулу Уларбек  2024-2025 жылдары Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтер  толугу менен орнотулуп  бүтөөрүн белгиледи.