Бүгүн 29 февралда, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун коммерциялык суроолор боюнча орун басары Дуйшө уулу Уларбек Түп районунун акими Адиев Каныбек Маматбекович жана Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Ак-Суу жана Түп райондорунда электр энергия менен камсыздоо процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү маселелерин талкуулашты. Ал учурда Ысык-Көл облусунда 40000 ден ашык кардарга акылдуу эсептегич орнотулганын, анан ичинен Ак-Суу жана Түп райондоруна 6000 ге жакын акылдуу эсептегичтер орнотулганын белгиледи.
Ошону менен бирге Дуйшо уулу Уларбек Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылынын жашоочулары менен жолугуп, жеринен акылдуу эсептегичтер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Эскерте кетсек, Кереге-Таш айылында кардарлар алдын ала төлөөчү эсептегичтер менен колдонушчу, тилеке каршы алардын иштөө мөөнөтү аяктаган. Бүгүнкү күндө Кереге-Таш айылындагы кардарларга акылдуу эсептегичтер толугу менен орнотулуп буткон.
Мындан сырткары Дуйшө уулу Уларбек 2024-2025 жылдары Ысык-Көл облусунда акылдуу эсептегичтер толугу менен орнотулуп бүтөөрүн белгиледи.