Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында «КУЭТ» ААКнын Ысык-Көл электр тармактары ишканасы 2025-жылдагы реконструкция жана модернизация иштерин жыйынтыктады.
Бул иштер аймактагы электр тармагынын эскирген бөлүктөрүн жаңыртууга, жоготууларды азайтууга жана жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталды.
Негизги аткарылган иштер:
🔌 90 чакырым 10/0,4 кВ эски алюминий зымдары жаңы, коопсуз жана ишенимдүүлүгү жогору СИП зымдарына алмаштырылды.
🏗️ 1300 даана эскирген жыгач мамылар, темир-бетон мамыларга алмаштырылды.
⚡ 18 даана 10/0.4 кВ көмөк чордон орнотулуп, аймактын бир катар айыл-кыштактары туруктуу электр менен камсыз болууда.
🔄 Ошондой эле 23 күч трансформаторлорнуда кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүргүзүлдү.
🏞️ Анын катарында кардарларга туруктуу жана сапаттуу электр энергиясын берүү максатында Ысык-Көл облусунда 7 даана жаңы заманбап реклоузерлер орнотулду. Реклоузер – бул 6–10 кВ чейинки бөлүштүрүүчү электр тармактарында колдонулуучу заманбап автоматтык өчүргүч. Ал аба чубалгыларын авариялык токтордон коргойт жана убактылуу бузулуулар болгондо электр энергиясын өз алдынча калыбына келтирет.
🏞️ Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ “Үч чоку” жаңы көмөк чордонунун курулушу ийгиликтүү аяктап, ишке берилди. 📡 Ошондой эле Жыргалан аймагына: 12.8 чакырым жаңы кабелдик зымдар тартылды, 4 даана 10 кВ көмөк чордондору орнотулду.
🔋Ысык-Көл облусундагы жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордун жалпы кубаттуулугу 56.5 МВАга жогорулатылып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгү өстү.
Тактап айтканда, «Пржевальск» көмөк чордонунда 25 МВА трансформатор 40 МВАга алмаштырылды.
«Восточный» көмөк чордонунда 16 МВА трансформатор 25 МВАга алмаштырылды.
«Покровка» көмөк чордонунда 10 МВА трансформатор 16 МВАга алмаштырылды.
«Жети-Өгүз» көмөк чордонунда 10 МВА трансформаторлор 16 МВА трансформаторлоруна алмаштырылды.
Ушундай эле иштер“Южная-1”, “Саруу”, «Барскоон», “Кең-Суу” , «Улахол» көмөк чордондорунда аткарылды.
Мындан тышкары, коопсуздук жана заманбап стандарттарды камсыздоо максатында «Ачикеев», «Кең-Суу», «Маяк», «Бошарино», «Энилчек» көмөк чордондорунда 1989-жылы орнотулган эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Жаңы жабдуулар авариялык абалдарды алдын алып, электр чынжырларын жүк астында автоматтык түрдө өчүрүү функциясына ээ.
Бул иштер аймактын энергетикалык инфраструктурасын сапаттуу деңгээлге көтөрүп, калк менен ишканаларга электр энергиясын туруктуу жана коопсуз жеткирүүгө өбөлгө түзөт.