Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл облусунда 1163 чакырым электр зымдары техникалык тейлөөдөн өттү

18 Август 2025 ж.

«КУЭТ» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында күз-кыш мезгилине даярдык иштерин бекитилген план боюнча улантууда.

2025-жылдын башынан бери ишкана тарабынан:

895 даана 10/0,4 кВ чыңалуудагы көмөк чордон;

1163,2 чакырым аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өттү.

Мындан тышкары, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө:

133,4 чакырым аба чубалгылары;

175 даана көмөк чордондору жаңыртылды;

иштөө мөөнөтү бүткөн 451 жыгач мамы жаңы темир-бетон мамыларга алмаштырылды.

Трансформатордук оңдоо цехинин кызматкерлери жыл башынан бери 70 трансформаторду толук оңдоп, 14 тоннага жакын майды тазалашты.

Ишкана күз-кыш мезгилине даярдык иштерин активдүү улантып жаткандыктан, абоненттерден техникалык тейлөө жана пландуу ремонт иштерине байланыштуу электр энергиясын убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пландалган өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын расмий сайтында: http://ipes.nesk.kg/ru/ жана “Мой свет” тиркемесинде жарыяланат.

Электр энергиясы боюнча суроолор үчүн күнү-түнү иштеген байланыш номерлери:

📞 105

📞 1209

📱 +996 772 001209

📱 +996 556 001209

📲 WhatsApp: +996 702 001209