Колл - борбор: 105

Ысык-Көл электр тармактарынын кызматкерлери республикалык ишембиликке активдүү катышууда

19 Сентябрь 2026 ж.

Бүгүн, 19-сентябрда, өлкө боюнча республикалык ишембилик өтүп жатат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулууда.
Республикалык ишембиликке Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын борбордук аппараты жана Ысык-Көл облусундагы бардык райондук электр тармактары активдүү катышууда.

Ишкананын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда тазалык иштерин жүргүзүп, айлана-чөйрөнү иретке келтирүүгө, таштандыларды чогултууга жана коомдук жайлардын тазалыгын камсыз кылууга өз салымдарын кошууда.

Ишембилик — бул жөн гана аймакты тазалоо эмес, туулган жерге болгон жоопкерчиликти жана коомдук биримдикти көрсөтүүчү жакшы демилге. Ар бир кызматкердин эмгеги менен аймактарыбыз таза, көрктүү жана жашоого жагымдуу болот.

Ысык-Көл электр тармактарынын жамааты тазалыкты жана тартипти сактоо — ар бирибиздин жалпы милдетибиз экенин белгилейт.

Таза аймак — жалпыбыздын эмгегибиз!