«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы – Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын жамаатына капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча жаңы дайындалган директордун орун басары Карагулов Нурбек Казбекович тааныштырылды.
Жаңы жетекчини ишкана жамаатына директор Болотбек Шадыканов тааныштырып, анын кесиптик тажрыйбасын белгилеп, жаңы кызмат ордунда ийгиликтүү иш алып баруусуна тилектештигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы жетекчинин алдында турган негизги милдеттер айтылды. Алардын катарында электр тармактарынын объектилерин модернизациялоо, капиталдык курулуш долбоорлорун ишке ашыруу, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү жана ишкананын административдик-чарбалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытындагы иштер белгиленди.
Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын жамааты Нурбек Карагуловду жаңы кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди, алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашырууну жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымынын жемиштүү болушун каалады.