Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жаңы автоунаалуу болушту

19 Май 2025 ж.

Бүгүн, 19-майда  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Ысык-Көл электр  тармактарынын директору Шадыканов Б.И. Ысык-Көл облусунун 6 райондук электр тармактарына  7 даана жаңы кызматтык унаанын ачкычтарын  тапшырды.

Автоунаалар төмөнкүдөй тапшырылды:

 Ак-Суу РЭТи                                          - JAC-T8 бригадалык автоунаасы

Жети-Өгүз РЭТи                                     - JAC-T8 бригадалык автоунаасы

Каракол РЭТи                                        -Сhevrolet – Сobalt автоунаасы

Түп РЭТи                                                -Сhevrolet – Сobalt автоунаасы

Чолпон-Ата РЭТи                                  -Сhevrolet – Сobalt автоунаасы

Тоң РЭТи                                                -Сhevrolet – Сobalt автоунаасы

Чолпон-Ата РЭТи                                  -ISUZI бригадалык автоунаасы

Бул техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсы тарабынан сатып алынган 54 даана атайын техниканын алкагында бөлүнүп берилген.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Касымалиевдин, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусу менен энергетика тармагына жаңы 54 даана техниканы тапшыруу иш-чарасы болуп өткөн.

Энергетика министрлиги тарабынан жана ошондой эле “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана алгылыктуу иш-аракеттердин алкагында, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

Сатып алынган атайын техника электр тармактарынын региондук ишканаларына туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоого, штаттан тышкары учурларга ыкчам реакция кылуу, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган.