Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл электр тармактар ишканасында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштери кызуу жүрүүдө

4 Август 2023 ж.

Күз-кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтуу жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртуу максатында энергетиктер эрте жаздан кеч күзгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшөт.

Ушул тапта Ысык-Көл облусунун бардык РЭТтеринде күз-кыш мезгилине даярдыктар жүрүүдө. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу, абоненттерди электр энергиясынын убактылуу пландуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалыматты Ысык-Көл электр тармактарынын официалдык сайтында http://ipes.nesk.kg, Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жана Мой свет тиркемесинен билсеңиздер болот.