2026-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдары үчүн алынган жаңы атайын техникалардын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырган. Жалпы баасы 50,8 млн сомду түзгөн техникалардын курамында 8 даана кран-манипулятор жана 4 даана ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаа бар.
Бул техникалардын бири – заманбап кран-манипулятор Ысык-Көл электр тармактар ишканасына бөлүнгөн. Бүгүн ишкананын директору Болотбек Шадыканов жаңы техниканын ачкычын Тоң райондук электр тармагына (РЭТ) расмий түрдө тапшырды.
Жаңы кран-манипулятор электр тармактарын оңдоо, жаңы мамыларды орнотуу, авариялык кырдаалдарды жоюу жана башка өндүрүштүк иштерди коопсуз жана ыкчам аткарууга жардам берет. Бул техниканын пайдаланууга берилиши энергетиктердин эмгегин жеңилдетип, жумуштун сапатын жана ылдамдыгын жогорулатат.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көл электр тармактар ишканасына жалпысынан 10 даана жаңы техника берилди. Алардын катарында атайын өндүрүштүк жана бригадалык унаалар бар.
Техникалык парктын жаңыланышы кызматкерлер үчүн заманбап жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө, электр тармактарын тейлөө иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга өбөлгө болууда. Натыйжада авариялык өчүрүүлөргө ыкчам чара көрүү жана оңдоо иштерин кыска мөөнөттө бүтүрүү мүмкүнчүлүгү дагы кеңейүүдө.