Электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөрдү алдын алуу максатында «КУЭТ» ААКтын филиалы — Ысык-Көл электр тармагынын кызматкерлери электр жабдууларына үзгүлтүксүз тепловизордук мониторинг жүргүзүп келишет.
Авариялык өчүрүүлөрдүн негизги себептеринин бири — контакттуу болттук туташмалардын ысып кетиши. Жабдуулар кубат алдында тургандыктан, мындай кемчиликтерди көз менен көрүү же тийүү аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Туура эмес туташтырылган жана сапатсыз изоляцияланган контакттар ысып, электр энергиясынын жоготууларына жана электр шаймандарынын иштен чыгышына алып келиши мүмкүн.
Тепловизордук мониторинг жабдуулардын ишин токтотпостон жана зымдарга тийбестен, жашыруун кемчиликтерди так аныктоого мүмкүндүк берет. Изилдөө жылуулук талааларын жогорку тактыкта каттаган атайын аппараттын жардамы менен жүргүзүлөт.
Бул профилактикалык иш-чаралар мүчүлүштүктөрдү өз убагында жоюуга, авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.