Колл - борбор: 105, 1209

Ысык-Көл электр тармагы ишканасы 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштерин аяктады

14 Ноябрь 2025 ж.

Энергетика министрлигинин электр энергиясы  менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Ысык-Көл электр тармагы ишканасы 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин толук комплексин бүтүрдү.

Даярдык иштеринин негизинде энергетикалык объектилерде, электр берүү чубалгылары менен көмөк чордондордо пландык оңдоо жана техникалык иштер аткарылды. Негизги максат — алдыдагы күз-кыш айларныда  мезгилинде Ысык-Көл облусунун керектөөчүлөрүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу.

Даярдыктын жүрүшүндө төмөнкү негизги иштер аткарылды:

2025-жылдын башынан тартып 35тен 220 кВга чейинки чыңалуудагы 61 подстанцияда 4863 даана электр жабдуусуна техникалык тейлөө жүргүзүлүп, алардын 436сына капиталдык оңдоо иштери аткарылды.

иш-пландын негизинде 35–110–220 кВ чыңалуудагы 100,7 чакырым электр берүү чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1422,6 чакырым  аба чубалгыларына  техникалык тейлөө жүргүзүлдү жана  эскирген 6837 фарфор изолятору жаңы айнек изоляторлоруна алмаштырылды.

Мындан тышкары, ишкана тарабынан 10/0,4 кВ чыңалуудагы 1222  көмөк чордон  жана 1687 чакырым аба электр берүү чубалгыларына техникалык тейлөө жүргүзүлдү.

Ошондой эле 211 чакырым аба чубалгылары жана 223 көмөк чордон  10/0,4 кВ оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Оңдоо иштеринин алкагында 757 жыгач мамы,  темир-бетон мамыларга  алмаштырылды.

Мындан тышкары, тарнсформатор оңдоо цехинин кызматкерлери 105 трансформаторду оңдоп, болжол менен 26,2 тонна трансформатор майын тазалашты.

Жогорудагы иштер алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.