«КУЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаевдин жетекчилигиндеги комиссия VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган энергетикалык объектилердин даярдыгын жеринде текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия ар бир локациядагы электр менен камсыздоо объектилеринин даярдыгын, электр жабдууларынын техникалык абалын, негизги жана резервдик электр булактарынын ишке даярдыгын карап чыкты. Ошондой эле объектилерде орнотулган дизелдик генераторлордун даярдыгы жана зарыл болгон учурда электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү текшерилди.
Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө энергетикалык объектилердин даярдыгы, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жана авариялык өчүүлөргө жол бербөө боюнча көрүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулду.
Бүгүнкү күндө энергетиктер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштерин толук аяктап, бардык негизги объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга даяр. Оюндар өтүп жаткан мезгилде энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштеп, электр менен камсыздоонун туруктуулугун камсыз кылат.