Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын энергетиктери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтүшү үчүн оюндар уюштурулган негизги аянтчаларда электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштерди аткарышты.
«Кырчын» этнокомплексинде 17,7 чакырым жаңы 10 киловольттук чубалгы курулуп, 535 мамы орнотулду. 630 киловольт-ампер кубаттуулуктагы алты көмөк чордон жана 250 киловольт-ампер кубаттуулуктагы эки көмөк чордон орнотулду. Ошондой эле 16 чакырым чубалгы жаңыланып, 50 эски мамы алмаштырылды.
Көк-Бөрү аренасында 630 киловольт-ампер кубаттуулуктагы көмөк чордон жана 10 киловольттук 21 мамы орнотулуп, 0,9 чакырым СИП-3 зымы тартылды. Мындан тышкары, 0,4 киловольттук 18 мамы орнотулуп, 650 метр СИП-2 зымы жана 400 метр кабель тартылды. Беш электр калканы орнотулуп, резервдик генератор даярдалды.
«Рух Ордо» комплексинде сахна, пирс, аппаратура жана фуд-зона үчүн 565 метр кабель тартылып, 0,4 киловольттук электр калканы орнотулду.
Ипподромдо башкы сахна жана фуд-корт үчүн 250 метр кабель жана 0,4 киловольттук сегиз электр калканы орнотулуп, 110 плафон жаңыланды.
«Курманжан Датка» музейинде боз үй, чатыр жана фуд-корт үчүн 600 метр кабель жана үч электр калканы орнотулду. 120 киловольт-амперлик генератор даярдалды.
«Дордой Номад» комплексинде 250 метр кабель жана үч электр калканы орнотулуп, 500 киловольт-амперлик генератор даярдалды.
Ал эми «Григорьевка» жана «Бостери» 110 киловольттук көмөк чордондорунда жаңы өчүргүчтөр орнотулду.
Аткарылган бул иштердин жана энергетиктердин тынымсыз эмгегинин натыйжасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү үчүн объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлдү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өттү. Бул чоң иш-чаранын артында күнү-түнү эмгектенген энергетиктердин да чоң салымы бар.
Ишенимдүү энергия — ийгиликтүү иш-чаранын негизи!