Колл - борбор: 105, 1209

Тон районунда 2,8 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат

26 Апрель 2024 ж.

Тон райондук электр тармактарында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Учурда ишкананын кызматкерлери Боконбай айылында эскилиги жетип, авариялык абалга келген жыгач мамыларды жаңы темирбетон мамыларга алмаштырып жатышат. Жалпысынан 2024-жылы Тоң районунда 172 жаңы темир бетон мамылар орнотулат.
Ошондой эле Тоң электр тармактары 2024-жылы электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында жалпы узундугу 3,2 чакырым заманбап СИП зымдарды орнотушат.
Мындан сырткары 10 кВ 1 комплекттүү трансформатордук көмөкчордон орнотулуп, 3 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторго алмаштырылат.
Ошону менен бирге, Тоң РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдануу иштердин алкагында капиталдык оңдоо иштери улантылууда. Жалпысынан ушул жылы 43 чакырым электр чубалгы жана 46 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт жана узундугу 2,8 чакырым 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланат.
Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 32 чакырым болгон электр зымдары бак-дарактардын бутактарынан тазаланат.
Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында https://ipes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз Колл-борбору : 105; 1209 Beeline: +996 772 00 1209 MegaCom: +996 556 00 1209 O! : +996 702 00 1209