Колл - борбор: 105, 1209

Кең-Суу айылында эскирген электр зымдары жаңыланууда

7 Июнь 2024 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы Ысык-Көл  электр тармактар ишканасынын курулуш-монтаждоо участогу  кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Түп районунун Кең-Суу айылында  0,4 кВ электр зымдарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Реконструкциянын алкагында 8,6 чакырым эскирген алюминий зымдардын ордуна  жаңы заманбап СИП зымдары орнотулат. СИП зымдардын өзгөчө артыкчылыгы табигый факторлорго дуушар болбойт, Катуу шамал болгондо зымдардын кыска туташууларга жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын жабышып калышына жана  музга азыраак дуушар болушат.

Ошону менен бирге 218 авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылат.

Мындан сырткары  ушул эле айылда 2,7 чакырым 10кВ аба чубалгылары курулуп, 40 жаңы темир бетон мамылар орнотулат.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209

Beeline:           +996 772 00 1209

MegaCom:     +996 556 00 1209

O! :                   +996 702 00 1209