Колл - борбор: 105, 1209

2024-жылдын биринчи жарымында Ысык-Көл облусунда 6,5 чакырым 0,4кВ электр зымдары жаңыланды

5 Август 2024 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы Ысык-Көл электр тармактары  кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү  максатында 2024-жылдын алты айында 6,5 чакырым 0,4 кВ эскирген алюминий зымдарын жаңы заманбап СИП зымдарына алмаштырды. Ошону менен бирге 110 эски, авариялык абалдагы жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.

Ошондой эле   0,4/10 кВ чыңалуудагы   2,7  чакырым жаңы  аба чубалгылары  курулуп, 117 темир бетон мамылары орнотулду.

Мындан сырткары  10 кВ чыңалуудагы   3,09  чакырым электр зымдары реконструкцияланды. Реконструкциянын алкагында, эскирген алюминий зымдар алмашылып,  45 электр мамылары жаңыланды.

Кардарларды сапаттуу электр жарыгы менен камсыздоо үчүн жаңы курулуштар жана жаңылоо иштери   жылдын аягына чейин улана бермекчи. Мисалы 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында Ысык-Көл облусу боюнча 6/10 кВ 12 көмөк чордон орнотулат.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз

Колл-борбору : 105; 1209; +996 772 00 1209; +996 702 00 1209

Вотсап: +996 556 00 1209

Жогорудагы иштердин баары электр жарыгы менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.