Колл - борбор: 105, 1209

Жаңы жылды карызы жок тосуңуз!

25 Декабрь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКтын филиалы Ысык-Көл  электр тармактар ишканасы кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы 2025-жыл менен куттуктайт жана бардык абоненттерди оңдоо кампаниясын өткөрүү мезгилинде түшүнүү менен кабыл алуу үчүн, керектелген электр энергиясына өз убагында төлөгөндүгү жана болуп жаткан өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

Жаңы жылда жана майрам күндөрү электр энергиясыз калбоо үчүн абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырабыз.

Төлөмдү  “Элкарт”, “МБанк”, “ЭЛСОМ”, “О”, “Balance.kg” электрондук капчыктары, “PAY 24”, “Qwickpay”, “UMAI”, “Onoi”, «TeremPay» терминалдары аркылуу төлөй аласыздар  жана Айыл Банк, “Халык Банк”, «Оптима Банк», «Бакай Банк», «Дос-Кредобанк» банктарынын кассаларында төлөм жүргузүүгө болот. 

Эскерте кетсек,  турмуш-тиричилик жана өндурүш абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын расмий сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет.

Мындан сырткары, биздин абоненттер  “Мой свет” тиркемесинен  өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан Колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүӊүздүн дебитордук карызыӊызды сурап билип алсаӊыздар болот.

Ар бир үйдө жарык жана  жылуулук болсун!